Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:53

Казакстандагы жол кырсыгынан өзбекстандык тогуз мигрант каза тапты


Бишкек-Алматы жолундагы кырсык. 16-июнь, 2017-жыл.
Бишкек-Алматы жолундагы кырсык. 16-июнь, 2017-жыл.

Казакстанда Орусиядан келе жаткан автобус аварияга учурап, Өзбекстандын тогуз жараны каза болду. Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, ​22-июнда Самара-Чымкент жолунда мигранттар түшкөн чоң автобус аңтарылып кеткен. Анын ичиндеги 50 киши өзбекстандык, экөө казакстандык экени аныкталды.

Кырсыктан тогуз өзбекстандык каза таап, 18 киши жараат алган, дагы 25 адам жеринде медициналык жардам алган. Автобустун айдоочусу Казакстан атуулу экени маалымдалды. Кырсыктын чоо-жайы иликтенүүдө.

Орусиядан сапарга чыккан борборазиялык мигранттардын катышуусунда ири автокырсык быйыл январда Нижний Новгород – Саратов жолунда катталган. Каза болгон жети кишинин бешөө кыргызстандыктар эле.

XS
SM
MD
LG