Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:40

Астанада Евразия медиа форуму башталды


Астанада Евразия Медиа форуму өз ишин баштады.

Ага катышып жаткан “Азаттыктын” кабарчысы Кубанычбек Жолдошевдин айтымында, Казакстандын Мамлекеттик катчысы Гүлшара Абдыкаликова президент Нурсултан Назарбаевдин атынан кайрылуу сөзүн сүйлөдү. Ал дүйнөдө маалымат технологиясы өнүгүп, маалымат алуу жана аларды тараткан медиа каражаттарынын ролу өсүп жатканын билдирди.

Евразия медиа форуму быйыл “Дүйнөлүк жаңы тартип: дубалдарды орнотуу же көпүрөлөрдү куруу” деген темада өткөрүлүүдө. Анда азыркы мезгилдеги тынчтыкты сактоодогу журналистиканын ролу жана орду талкууланмакчы. Евразиялык маалымат мейкиндигинин келечеги тууралуу да маселе форумдун күн тартибине киргизилген.

Форумга Европа комиссиясынын мурдагы төрагасы Жозе Мануэл Баррозу, Түркиянын мурдагы президенти Абдулла Гүл, АКШнын БУУдагы мурдагы элчиси Билл Ричардсон жана Израил өкмөтүнүн мурдагы аппарат жетекчиси Гилад Шер катышууда. Мындан сырткары Тажикстан, Орусия, Өзбекстан жана Кыргызстандын медиа өкүлдөрү катышууда.

Евразия медиа форум - быйыл 14-жолу өтүп жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG