Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:24

Ленин райондук соту Салянованын ишин карап жатат


Аида Салянова
Аида Салянова

Бишкектин Ленин райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Аида Саляновага байланыштуу ишти карап жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” адвокат Улан Жумаков кабарлады. Анын белгилешинче, бул күнү күбөлөр суралышы керек. Бүгүн процесстин башында бош орун жок деген негизде журналисттерди киргизген эмес. Бир нече убактан кийин кайра маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө кирүүгө уруксат берилди.

19-июндагы соттук отурумда Саляновага сөз берилип, ал сотту ишти калыс жана объективдүү кароого чакырган.

Аида Саляновага 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда "Максим Бакиевдин өнөктөшү деген Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деген айып тагылган. Анын баш коргоо чарасы өлкөдөн тышка чыкпоо тууралуу тил кат менен аныкталган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG