Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:32

Абдылда Капаровго сот өкүмү чыкты


Ош облустук соту милициянын полковниги Абдылда Капаровду төрт жылга эркинен ажыратты. Ал жазасын жатак абакта өтөйт. Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов билдирди.

Капаровду коргоо комитетинин мүчөсү жана анын коомдук жактоочусу Төлөгөн Келдибаев жараяндын алдында Капаровдун энесинин каза тапканын, бирок сот анын баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүчүн четке кагып, апасын акыркы жайга узатууга уруксат бербегенин билдирди.

Абдылда Капаров быйыл 25-мартта кармалып, Ош шаардык сотунун чечими менен тергөө аяктаганча камакта калган. Ага прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 297-329-338-беренелери менен иш козгогон. Мындан сырткары Улуттук коопсуздук комитети да 299-беренесине ылайык кылмыш ишин ачкан. Абдылда Капаров 2010-жылы коогалаң учурунда Ош облустук ички иштер башкармалыгын жетектеген.

Кийин Ошто саясатчылар Камчыбек Ташиевди, Акматбек Келдибековду жана Мелис Мырзакматовду колдоо митингдерине катышып жүргөн. Ош шаарындагы митингдердин биринде президент Алмазбек Атамбаевдин сүрөтүн өрттөп жиберген. Быйыл февралдан тарта камактагы депутат Өмүрбек Текебаевди колдоо акцияларын уюштуруп жүргөн. (NT/ErN)

XS
SM
MD
LG