Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:40

Сүлүктүдөгү шахтадан бир адам оор абалда куткарылды


Иллюстрация
Иллюстрация

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Сүлүктүдөгү шахтада газ чыгып, куткаруучулар бир адамды оор абалда чыгарышты.

Маалыматка караганда, “Алтын-бешик” жоопкерчилиги чектелген ишканасынын шахтасында газ чыккан. Министрликтин 1-тоо-кен-куткаруу взводунун куткаруучулары 1969-жылы туулган Б. Элмуратовду оор абалда шахтадан алып чыгышты. Аны медицина кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Сүлүктү шаары Баткен облусунда жайгашкан. Бул жерде көмүр шахтада кырсыкка кабылып, мерт болгондор дээрлик жыл сайын катталат. Март айында «Ак-Жол» ишканасына караштуу шахтада газ чыгып, 36 жаштагы жумушчу газга ууланып мерт болгон.(КЕ)

XS
SM
MD
LG