Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:01

Пакистандагы жардыруудан кеминде 11 адам өлдү


Жардыруу болгон жер
Жардыруу болгон жер

23-июнда Пакистандын түштүк-батышындагы Кветта шаарында полициянын унаасы жардырылып, кеминде он бир киши өлдү.

Жергиликтүү оорукананын өкүлү Васим Бег жыйырма киши жараат алганын, айрымдарынын абалы оор экенин билдирди.

Өлгөндөрдүн төртөө, жарадарлардын тогузу полициячылар экени кабарланууда.

Жардырууга азырынча эч бир топ жоопкерчилик ала элек. Ошентсе да Белужистан провинциясынын өкмөтүнүн өкүлү Анварул Хак Какар буга коңшу Индияны айыптады. Ал эч бир далил көрсөткөн жок.

Индия буга азырынча жооп кайтара элек.

Белужистанда узак убакыттан бери улутчулдар жана жикчил топтор козголоң чыгарып келген. Алар аймактан табылган табигый ресурстарды акыйкат бөлүштүрүүнү жана борбордон көз карандысыздык алууну каалашат. Ошондой эле провинцияда пакистандык талиптер да өкмөткө каршылык көрсөтүп келет.

XS
SM
MD
LG