Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:27

“Өнүгүү-Прогресс” талапкерди 27-июндагы курултайда расмий көрсөтөт


“Өнүгүү-Прогресс” партиясы 27-июнга белгиленген курултайда президенттик жарышка чыкчу талапкерди расмий көрсөтөт. Бул тууралуу партиянын маалымат кызматы кабарлады.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Ушу тапта Борбордук шайлоо комиссиясына президенттикке талапкер катары үч адам арыз тапшырды. Алардан Темир Сариевди “Ак шумкар” партиясы көрсөтсө, "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана "Лига-антикризис" борборунун төрагасы Назарбек Нышанов өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен Боршайкомго арыз-документтерин тапшырган.

Буга чейин "Өнүгүү-Прогресстен" партия лидери Бакыт Төрөбаев чыгары айтылган. КСДПнын курултайы 15-июнга белгиленген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG