Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:57

Иранда антиамерикалык митинг өтүп жатат


Ирандагы өткөн жылкы Аль-Кудс күнү
Ирандагы өткөн жылкы Аль-Кудс күнү

Иранда он миңдеген адамдар Ал-Кудс күнүн белгилөө үчүн көчөлөргө чыгышты.

Бул күнү өлкөнүн рухий көсөмү аятолла Рухолла Хомейни тарабынан палестиналыктарга колдоо, ал эми Израилге каршы маанайды билдирүү максатында негизделген.

Ошондой эле антиамерикалык күн катары де белгиленип келет. 23-июнда айрым митингчилер "Америкага өлүм" "Израилге өлүм" деп кыйкырып, бул эки өлкөнүн желектерин өрттөшкөнүн ирандык медиа кабарлоодо.

Бийликтин колдоосу менен өтүп жаткан митингдерде президент Хасан Роухани баштаган ирандык лидерлер сөз сүйлөрү күтүлүп жатат.

2015-жылы өзөктүк программа боюнча мунасага жетишкенден кийин Иран менен Батыштын мамилеси жылый баштаган. Дональд Трамп АКШ президенттигине келгенден кийин аталган мунасаны сындап, анын администрациясы Тегеранды терроризмге айыптаган. Ирандын өзүндө да президенти өзөктүк мунасаны жактаганы менен жемишин берген жок деп ага каршы чыккан бийлик адамдары да бар.

XS
SM
MD
LG