Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:11

ӨКМ: катуу шамалдын кесепети такталууда


Иллюстрация
Иллюстрация

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги катуу шамалдын кесепеттерин тактап жатат. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынын өкүлү Элмира Шерипова “Азаттыкка” билдирди. Маалыматка караганда, бүгүн Бишкек шаарында жана Чүй облусунда ылдамдыгы секундасына 22 метрге жеткен шамал катталды.

Интернет колдонуучулар шамалдан бир нече дарак автоунааларга кулап калган сүрөттөрдү жарыялап жатышат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги адам өмүрүнө коркунуч алып келген учур болбогонун билдирүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG