Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:05

ЖОЖдорго өнүгүү стратегиясын иштеп чыгуу сунушталды


Жакынкы жылдары өндүрүштөгү жана кызмат көрсөтүүдөгү салттуу адистиктер 70% чейин эскирет. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн Билим берүү жана илим министрлиги менен жогорку окуу жайлардын жетекчилеринин катышуусундагы форумда айтылды. Буга байланыштуу министр Гүлмира Кудайбердиева ар бир окуу жайга инновациялык өнүгүү стратегиясын иштеп чыгууну сунуштады. Ошондой эле балдар менен жаштар санариптик билим берүүдө оңой интеграция боло тургандай шарт түзүлүшү зарылдыгын белгиледи.

Форумдун жүрүшүндө “Таза коом” долбоорунун алкагында билим берүүгө маалымат технологияларды киргизүү, IT адистерди даярдоо маселеси дагы талкууга алынды.

Президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков мамлекетти жогорку технология аркылуу өнүктүрүүнү караган "Таза коом" улуттук долбоорун жарыялаган. Бул долбоор 2040-жылга чейинки туруктуу өнүгүү боюнча улуттук стратегиянын бир бөлүгү экени айтылууда. (NO/КЕ)

XS
SM
MD
LG