Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:52

Пакистандагы жардыруу үчүн жоопкерчиликти "Талибан" алды


Пакистандын Кветта шаарында жардырууну “Талибан” экстремисттик кыймылынын бул өлкөдөгү өзүн "Жамаат ал-Ахрар" атаган тобу мойнуна алды. 23-июнда полициянын унаасы жардырылып, кеминде 12 киши өлгөн.

Жергиликтүү оорукананын өкүлү Васим Бег 24 киши жараат алганын, айрымдарынын абалы оор экенин билдирди. Өлгөндөр жана жаралангандар арасында полиция кызматкерлери да бар.

"Муну жанкечти жасаганы али белгисиз. Бирок биз андай версияны четке какпайбыз. Биз азыр баштапкы этапта турабыз. Эми баарын иликтейбиз”, деди Белужистан провинциясынын өкмөт өкүлү Акбар Харипал.

"Талибандан" тышкары Белужистанда улутчулдар жана жикчил топтор теңдик жана эркиндикти талап кылып, узак убакыттан бери козголоң чыгарып келишет.

XS
SM
MD
LG