Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:07

Пакистанда кайрадан жардыруу болду


Кветтадагы жардыруудан кийин
Кветтадагы жардыруудан кийин

Пакистандын түндүк-батышындагы Парачинар шаарындагы кош жардыруу кеминде он адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу расмий бийлик билдирип, элүүдөн ашык адам жаракат алганын кошумчалады.

Бомба 23-июнда эл жык толгон базарда жарылган. Бул маалда көпчүлүк ооз ачарга тамак аш алып аткан. Чабуулду ким жана эмне себептен жасаганы азыр белгисиз.

Бир нече саат мурда эле бул өлкөнүн Белужистан провинциясынын Кветта шаарында жардыруу болгон. Полиция кеңсесинин жанындагы кыргындан өлгөндөр 13 адамга жетти. Жыйырма чакты киши жарадар.

Бул кылмышты “Талибан” экстремисттик кыймылынын өзүн "Жамаат ал-Ахрар" атаган пакистандык бутагы жасаганын мойнуна алды.

XS
SM
MD
LG