Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын жансакчысы Рамазан Өзчеликтин өлүмүнө өзбекстандык Фарида Байрамова аттуу аял шектелүүдө. Аны Стамбулдун Бейликдузы райондук полициясынын Террорго каршы бөлүмү суракка алып жатат. "Азаттыктын" өзбек кызматы бул кабарды Түркиянын "Хабартүрк" басылмасындагы билдирүүлөргө таянып жазды.
24 жаштагы Рамазан Өзчелик 19-июнда өлгөн. Сөөгү аны өлтүрүүгө шектелип жаткан өзбекстандык Байрамованын үйүнөн табылган.
25 жаштагы Фарида Байрамова медициналык окуу жайдын студенти. Президенттин жансакчысы менен тогуз ай мурда таанышып, жолугушуп жүргөн. Ал полицияга берген маалыматында, маркум кокустан өзүн атып алганын билдирген. (SE)