Пакистанда 23-июнь күнкү жардыруулардан бери дегенде 35 адам каза тапты. Жараат алган жүздөй адам ооруканада. Айрымдарынын абалы оор. Мусулмандардын ыйык Орозо айындагы акыркы жума күнү мамлекеттин эки ири шаарында үч жардыруу болгон.
Полициянын маалыматына ылайык, алгач Кветта шаарындагы полиция бөлүмүнүн жанында жанкечти өзүн жардырып, ондон ашуун өмүр кыйылды. Арасында беш полиция кызматкери да бар. Жардырууга жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" жана "Жамаат-ул-Ахрар" экстремисттик тобу алды.
Арадан бир нече саат өткөндөн соң шииттер көп байырлаган Парачинар шаарындагы базарда, эл көп чогулган жайда кош жардыруу болду жана жыйырмадай адам жашоо менен кош айтышты. Бул жардырууну ким уюштурганы азырынча беймаалым. Буга чейин шииттерге каршы сунниттер коомчулугу бир канча сол салууларды жасаган.