Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:13

Айт намазы саат 7:30да окулат


Кыргызстанда Орозо айт намазы 25-июнда саат 7:30да окулат. Муфтияттын басма сөз кызматы билдиргендей, намазга чогулуу саат 6:00дө башталат. Бир саат дин аалымдарынын насааттарына орун берилет. Саат 7ден 7:30га чейин муфтийдин жана бийлик башындагылардын куттуктоолору элге жеткирилет.

Бишкекте намаз муфтий Максат ажы Токтомушевдин башчылыгында Эски аянтта окулат. Ага премьер-министр жана шаар мэри баштаган аткаминерлер катышат. Андан тышкары, бардык мечиттерде, облус борборлорундагы аянттарда намаз аткарылат.

Рамазан Ислам дининдеги ыйык ай саналып, мусулмандар 30 күн орозо кармашат. Аягында Айт майрамы менен жыйынтыкталат. Кыргызстанда калктын 80 пайыздан ашууну мусулмандар. (SE)

XS
SM
MD
LG