Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 15:23

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги мекендешинин колунан каза тапкан 31 жаштагы аялдын сөөгү туулган жерине 24-июнда жөнөтүлөрүн билдирди.

Расмий маалыматка караганда, окуя 22-июнда Москвадагы "Бейрут" кафесинде болгон. Аны өлтүрүүгө шектелип, Сузактын 33 жаштагы тургуну кармалды.

Расмий бышыктала элек кабарларга ылайык, жигит ага үйлөнүү максатында колун сураган. Кыз баш тарткан. Буга ызаланган шектүү аны бычактап салганын айрым маалымат булактары жазышты.

Окуянын чоо-жайын иликтөөнү элчилик көзөмөлгө алды. (SE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG