Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:55

Мекке шаарында теракттын алдын алышты


Сауд Арабия өкмөтү Мекке шаарында теракттын алдын алышканын билдирди. Расмий кабарларга ылайык, полиция Ал-Харам мечитинде ишке ашыруу пландалган кол салууну токтотуп калган.

Тартип сакчылары шектүү жайгашкан үйдү курчоого алганда жанкечти өзүн жардырып жиберген. Жыйынтыгында 11 адам жараат алган. Ыктымал кол салууга шектелип беш адам кармалды.

24-июнда дүйнө мусулмандары Рамазан айынын аяктаганына байланыштуу Айт майрамы алдынан Арапа күнүн белгилешүүдө. Буга байланыштуу Мекеге миллиондогон зыяратчылар келген.

XS
SM
MD
LG