Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:55

Кытайда көчкү жүрүп, 100дөн ашуун адам дайынсыз болууда


Кырсык болгон жер
Кырсык болгон жер

Кытайдын түштүк-батышында куткаруучулар эки күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 100дөн ашуун адамды издөө иштерин улантууда.

Сычуан провинциясындагы айылдардын биринде 23-июнда жер көчкү жүрүп, 40тан ашуун турак үйдү басып, эки чакырымга жакын унаа жолду тороп калган.

Бүгүнкүгө чейин кырсык болгон жерден 24 адамдын сөөгү табылды.

Синхуа агенттиги кабарлаганына караганда, куткаруу иштерине 3 миңдей адам тартылды.

Аталган аймакта бир нече күндөн бери нөшөр жаан токтобой жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG