Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:24

АКШда Аляска келишимине кол койгон мамкатчынын айкели орнотулат


Аляска
Аляска

АКШда Алясканы Орусиядан Кошмо Штаттарга өткөрүп берген тарыхый келишимге кол койгон мурдагы мамлекеттик катчы Уильям Генри Сьюарддын айкели ачылат. Жуно шаарында орнотулуп жаткан статуянын ачылышы 3-июлга пландалууда.

Бул иш-чара 1867-жылы кабыл алынган Аляска тууралуу келишимдин 150 жылдыгына арналат.

250 миң долларлык айкел Аляска штатынын Капитолийинин алдына коюлат.

Кошмо Штаттар Алясканы Орусиядан 7,2 миллион долларга сатып алган. 1959-жылы ал АКШнын штаты деген макам алган. (RK)

XS
SM
MD
LG