Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 06:49

Кыргызстанда өз мекенинде издөөдө жүргөн кытай жараны кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Мекеменин маалымат кызматы билдиргенине караганда, Кытайдын Шандун провинциясынын 46 жаштагы жараны экономикалык мүнөздөгү кылмыш жасаган деген шек менен издөөдө жүргөн.

Кыргыз тарап аны Кытайдын күч түзүмдөрү жөнөткөн маалыматтын негизинде аныктап, Интерпол уюму аркылуу текшерүү жүргүзгөн.

Шектүү Кытайдын Коомдук коопсуздук министрлигинин өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG