26-июнда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы ыктымал, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы мүмкүн, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 14...19, күндүз 27...32;
Таласта түнкүсүн 12...13, күндүз 26...31;
Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 14...20, күндүз 28...33;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 10...15, күндүз 22...27;
Нарында түнкүсүн 8...13, күндүз 19...24;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4...+1, күндүз 6...11;
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 17…19°, күндүзгү жогорку температурасы 30…32°.