Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:54

Иранда "террорчулар менен байланыштагы" 50 киши кармалды


7-июнда Тегеранда эки кандуу кол салуу болгон эле.
7-июнда Тегеранда эки кандуу кол салуу болгон эле.

Иран бийликтери “террорчул” топтор менен байланышы бар деп бери дегенде 50 шектүү кишини кармашты. Бул тууралуу Керманшах провинциясынын прокурору маалымдады. 7-июнда башкалаа Тегеранда эки кандуу кол салуу болгон эле. Иран Ислам жумуриятынын түптөөчүсү Аятолла Рухолла Хомейнинин мавзолейи менен парламент имаратындагы теракттар үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик уюму өзүнө алган.

Прокурор Немат Садекинин “Тегерандагы теракттардан кийин Керманшах чөлкөмүндө террордук топторду колдогон жана байланышта турган 50дөн көп киши кармалды” деген билдирүүсүн ИРНА маалымат агенттиги жарыялады.

Маалымат боюнча кармалган адамдардан жанкечтилердин курлары, алыстан жардырчу жабдыктар жана курал-жарак табылган.

XS
SM
MD
LG