Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:00

Албанияда кечээ өткөн парламенттик шайлоодо көпчүлүк добушка бийликтеги социалисттер ээ болду. Өлкөнүн Европа биримдигине кошулуусу боюнча ыктымал сүйлөшүүлөр жараянынын алдында бул шайлоо өнөктүгү чечүүчү ролду ойной турганы айтылып келген болчу.

Алдын ала эсептөөлөргө караганда, премьер-министр Эди Рама жетектеген Социалисттик партия шайлоочулардын 45-49% добушун алды. Бул 140 орундуу парламенттеги 71-75 мандат дегенди түшүндүрөт. Ал эми евроинтеграциянын тарапкери болгон Демократиялык партия 30% добуш чогулта алды.

Расмий жыйынтык бүгүн жарыяланат.

Үч миллионго жакын калкы бар, НАТОго мүчө бул өлкө Европа биримдигине талапкер макамын 2014-жылы алган, бирок реформалардын жоктугунан улам иш дээрлик токтоп калган. (RK)

XS
SM
MD
LG