Линктер

шейшемби, 19-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 02:37

Пакистанда бензин ташыган унаа аңтарылып кетип, өрттөн каза тапкан адамдардын саны, соңку маалыматтарга караганда, 152ге жетти.

Үч миллиондон ашуун калкы бар ири шаарлардын бири Мултандан 100 чакырым түштүк-батыш тараптагы бул окуя 25-июнда болгон. Күбөлөрдүн айтымында, автоунаа катуу ылдамдыкта келатып аңтарылып кеткен.

Полиция кара май төгүлгөн жерди курчоого алууга аракет жасаган, бирок идиштерине чолултуп кетебиз деп 500дөй адам топтолуп калган. Жергиликтүү тургун Мухаммад Асим окуя тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:

- Ал жерге адам абдан көп чогулган экен. Жарылуу болушу ыктымал деп эскерткенге аракет кылдык. Баары жакынкы айылдан келгендер. Менин агам топтошкондор арасынан уулун издегени кетип, экөө тең кайтпай калды.

Өрттүн тутанышына чылым чегүү себеп болгону, каза тапкандардын айрымдары таанылгыс болуп күйүп кеткени айтылууда. (RK)

XS
SM
MD
LG