Бишкектин архитектура башкармалыгы жарандык активисттер менен бирге шаардын жашыл зоналары жана ирригациялык системасы боюнча карта иштеп чыгат. Бул тууралуу макулдашууга мекеменин башчысы Асхат Тулебердиев менен “Биздин укук” коомдук фондунун жетекчиси Калича Умуралиева кол коюшту.
Макулдашууда Бишкек шаарынын ирригациялык системасынын тарыхын изилдеп чыгып, анын ишинин начарлап кетишинин себептерин аныктоо жана арыктар түйүнүн жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу, экологияны жакшыртуу чараларын көрүү, борбор калаанын “жашыл каркасын” түзүү маселелери каралган.
“Биздин укук” уюму шаардагы мыйзамсыз курулуштар, бактардын кыйылышы, парктардагы жер тилкелеринин сатылышына каршы түрдүү нааразылык акцияларды уюштуруп келатат. (RK)