Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:51

Катуу шамалдан бузулган светофорлор унаа кырсыктарына алып келди


Соңку күндөрдөгү катуу шамал жана жаан-чачын Бишкектин айрым жерлеринде светофорлордун ишин үзгүлтүккө учуратты. Бул тууралуу “Азаттыкка” шаардын патрулдук милициясынын башчысынын орун басары Биялы Жунушев билдирди.

Акыркы күндөрү аба ырайына байланыштуу шамал болуп, бактар кыйрап, электр өчүп, светофорлор иштебей калды. Жол да начар, көп жерде чийимдер жок.

Жунушевдин айтымында, иштебей калган светофорлордун баары оңдолду.

Кечээ Бөкөнбаев жана Манас көчөлөрүнүн кесилишинде бир мүнөт ичинде эки унаа кырсыгы катталып, алты автомашина жабыркаганын интернетке социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары сүрөттөрү менен жазып чыгарышты. Алардын айтымында, бир эле кесилиште турган эки светофор эки башка убакытты көрсөтүп жатты.(RK)

XS
SM
MD
LG