Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:27

Жыл башынан бери 50дөн ашуун бала сексуалдык зомбулукка кабылды


Кыргызстанда балдарга карата жасалган сексуалдык зомбулук боюнча көрсөткүч өсүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Мекеменин Коомдук коопсуздук башкармалыгынын ага тескөөчүсү Марат Сапаевдин айтымында, былтыр биринчи жарым жылдыкта балдарга карата 400дөй кылмыш катталса, анын 30дан ашыгы сексуалдык мүнөздө болгон. Ал эми быйыл ушундай эле мезгил аралыгында жалпы 400гө жакын кылмыштын 50сү сексуалдык экени аныкталды. ИИМ өкүлү жабыркаган балдардын көбөйүшүн алар каралбай калып жатканы жана аныктоо, ачыкка чыгаруу иши жакшырганы менен байланыштырууда:

- Ата-энелери ар кайсы жакка кетип, балдары каралбай калууда. Кароосуз калган бала – бул зомбулуктун объектиси. Экинчи бир себеби – бизге жетекчилик жаап-жашырбагыла деген буйрук берип, үймө-үй кыдырып, аныктап, каттап, кылмышкерлерди жоопко тартууга аракет кылып жатабыз.

Милициянын ар үч ай сайын өткөрүп туруучу рейддеринин негизинде быйыл жыл башынан бери ата-энеси тышкы жана ички миграцияда жүргөн 14 жашка чейинки курактагы 40 миңден ашык бала аныкталган. Көбү Ош, Жалал-Абад жана Чүй облусунда.

Кыргызстанда балдарга карата сексуалдык зомбулук көрсөткөн кылмышкерлердин жазасын катуулатуу аракети көрүлүп жатат. Жогорку Кеңештин депутаттар тобу бул багытта иштеп чыккан мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. (RK)

XS
SM
MD
LG