Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:58

Быйыл зомбулук боюнча 100 кылмыш иши козголду


Иллюстрация.
Иллюстрация.

2017-жылдын беш айында үй-бүлөдөгү зомбулук фактылары боюнча 100 кылмыш иши козголду.

Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов өткөн аптада парламентте маалымат берип жатып билдирди. Анын айтымында, милиция зомбулукка кабылган 3119 адамга, анын ичинде 109 аялга коргоо ордерин берген.

22-июнда Жогорку Кеӊеш өкмөттүн аялдар менен кыздардын абалы жөнүндө маалыматын укту.

Бир катар депутаттар аялдар менен кыздарга байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүдө бюрократиялык тоскоолдуктар көп экенин, аялдардын мамлекеттик кызматка орношуусуна көӊүл бурулбай, зомбулукка кабылган аялдардын башкалка жайлары толук каржыланбай жатканын айтышты.

Жыйынтыгында өкмөткө жана мамлекеттик органдарга бул маселелерди чечүү тапшырмасы берилди. (NT)

XS
SM
MD
LG