Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:26

Кытай ракка чалдыккан активистти абактан бошотту

Кытай Нобелдин тынчтык сыйлыгынын ээси, демократиячыл активист Лю Сяобону абактан бошотту. Буга активист боордун рагына кабылганы себеп болгонун анын адвокаты 26-июнда кабарлады. Анын айтымында, 61 жаштагы Лю Сяобо рак илдетине чалдыкканы өткөн айда белгилүү болгон.

Саясий туткун катары дүйнөгө таанылган активист 2009-жылы өкмөттү кулатуу аракеттерине аралашкан деген айып менен 11 жылга эркинен ажыратылган. 2010-жылы ага Нобелдин тынчтык сыйлыгы ыйгарылган. Бул кадам Кытай бийлигинин нааразылыгын жараткан эле. Андан бери активист Сяобо Шэньян шаарында өз жазасын өтөп жаткан.

XS
SM
MD
LG