Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:46

Болот Бейшеналиевдин 80 жылдыгы белгиленип жатат


Болот Бейшеналиев. (Архив).
Болот Бейшеналиев. (Архив).

Советтик театр жана кино актеру, Кыргыз Эл артисти Болот Бейшеналиевдин 80 жылдыгына арналган республикалык деңгээлдеги иш-чара 25-июнда анын кичи мекени Кемин районунда башталды. Эскерүү кечесине замандаштары, кесиптештери, жакындары катышып, маркумдун кино тармагына кошкон салымы, өнөр дүйнөсүндөгү өзгөчөлүгү, жеке тагдыры тууралуу сөз кылышты.

Бейшеналиев киного режиссер Мелис Убукеевдин жардамы менен аралашып, биринчи жолу 1964-жылы "Тайгак кечүү" аттуу тасмага тартылган. Андан кийинки жылы "Биринчи мугалим" тасмасында жыйырма сегиз жаштагы актерго баш каарман Дүйшөндүн ролу берилген. Жалпы 80ден ашуун тасмада ойногон.

Ал Чүй облусунун Кемин районунун Калмак-Ашуу айылында 1937-жылдын 25-июнунда жарык дүйнɵгɵ келген. Көзү тирүү болсо ал быйыл 80ге чыкмак. (ZA)

XS
SM
MD
LG