Ошто мектеп бүтүрүүчүлөрү катышкан жол кырсыгы иликтенүүдө. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жанна Сатарбаеванын "Азаттык" радиосуна билдиришинче, Ош шаарындагы мектептердин биринин бүтүрүүчүлөрү "Мерседес-Бенц-Гелендваген" үлгүсүндөгү автоунааны ижарага алышып, 24-июнда шаардагы Кулатов кичи районун көздөй баратканда кырсыкка кабылышкан.
Андан машинедеги эки бүтүрүүчү жабыркаган. Алардын бири, автоунаа айдап бараткан 17 жаштагы окуучу Ош шаардык ооруканасынын реанимация бөлүмүндө жатат. Азырынча окуя боюнча кылмыш иши козголо элек. Айдоочу эсине келсе иликтөө иштери уланат.
Маалыматтарга караганда, окуучулар ошол күнү бүтүрүү кечесин өткөрүшүп, автоунааны ижарага алышкан.
25-июнга караган түнү Бишкек шаарындагы Анкара көчөсүндө да он төрт жаштагы өспүрүм айдоочунун катышуусундагы жол кырсыгынан беш адам жабыркап, ооруканага жаткырылган.
Мыйзамда 18ге чыга электерге айдоочулук күбөлүк берилбейт. (YI/NT)