Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:24

Арстан Алай президенттикке талапкерлигин көрсөттү


Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай)
Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай)

Арстанбек Абдылдаев президенттикке талапкер катары катталуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берди. Бул тууралуу Боршайкомдон кабарлашты.

Өзүн өзү талапкерликке көрсөтүп жаткан 49 жаштагы Арстанбек Абдылдаев “Аурдин” ишканасын жетектейт.

Ал Арстан Алай деген ат менен да белгилүү. 2011-жылкы президенттик шайлоого катышкан. Ошол эле жылы кеңири коомчулукка "Зима не будет" (“Кыш болбойт”) деген сөздөрү менен таанылып, интернетте кызуу талкуу жараткан.

Быйыл 15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. (RK)

XS
SM
MD
LG