Украин президенти Петро Порошенко француз лидери Эммануэл Макрон менен дүйшөмбүдө Парижде жолукту. Порошенко басма сөз жыйынында Макрон менен сүйлөшүү жемиштүү болгонун айтты. Француз лидери болсо немис канцлери Ангела Меркел менен бирге Украинанын чыгышындагы куралдуу жаңжалды чечүүгө бел байлаарын билдирди.
Бул боюнча курамына Германия, Франция, Украина жана Орусия кирген "Норманд төрттүгүнүн" сүйлөшүүлөрү июнь айынан акырында же июль айынын башында өтөөрү белгилүү болду.
Москва колдогон жикчилдер менен өкмөттүк күчтөрдүн Украинанын чыгышындагы кармашын токтотууну көздөгөн Минск келишими толук иштебей келет.
БУУнун маалыматы боюнча, соңку үч жылда аймактагы куралдуу кагылышуулар кеминде 10 миң адамдын өмүрүн алды.