Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:03

Британ премьер-министри коалиция түздү


Кол коюу аземи. 26.6.2017.
Кол коюу аземи. 26.6.2017.

Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй 26-июнда Түндүк Ирландиянын Демократиялык партиясы менен коалициялык келишим түздү. Келишимге ылайык, Мэй айымдын Консерваторлор партиясынан куралган өкмөт Түндүк Ирландиянын экономикасына, инфраструктурасына жана саламаттыкты сактоо, билим берүү тармактарына инвестиция салуу милдетин өз мойнуна алды.

8-июндагы мөөнөтүнөн мурда өткөн парламенттик шайлоодо Консерваторлор өкмөт башчы Мэй үмүт кылгандай көпчүлүккө ээ боло албай калган. Мыйзамдарды парламенттен өткөрүү үчүн Мэйдин партиясына коалиция түзүүгө туура келген. Шайлоодо 10 депутаттык мандат алган Түндүк Ирландиянын Демократиялык партиясы консерваторлор менен коалиция түзүүгө макул болгон.

Уэльс менен Шотландиянын лидерлери өкмөт башчы Тереза Мэйди өкмөт куроо үчүн Түндүк Ирландияга "акча ыргытып" жатат деп айыптап чыгышты.

XS
SM
MD
LG