Жогорку Кеңештин агрардык саясат комитетинде бүгүн Бишкек шаарындагы дарактардын кыйылышы жөнүндө маселе каралат. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Ата Мекен” парламенттик фракциясынын лидеринин орун басары Алмамбет Шыкмаматов билдирди.
Буга чейин ал “Шаардык демилгечилер” коомдук фонду менен бирге бул маселе боюнча кайрылуу жолдогон.
Соңку айлары Бишкекте бак-дарактардын кыйылышы талкуу жаратууда. Мэрия алар жолдорду кеңейтүү жана санитардык тазалоо максатында кыйылып жатканын айтса, жарандык активисттер бул иш туура эмес жүргүзүлүп жатканын белгилеп сынга алууда. (RK)