Бишкекте классикалык музыканын ачык асман алдындагы TENGRI music 2017 фестивалына даярдыктар көрүлүүдө. Алгачкы концерт эртең 28-июнда башталат.
Бүгүн эл аралык фестивалга катыша турган айрым музыканттар пресс-конференция беришет.
Бул маданий иш-чара быйыл үчүнчү жыл өткөрүлүп жатат. Былтыр ага Кыргызстандан тышкар, АКШ, Германия, Орусия, Казакстан, Ирландия Македония жана Италия өлкөлөрүнөн келген өнөрпоздор катышкан болчу. (RK)