Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:57

Жалал-Абад санаторийиндеги тиреш уланууда


Өткөн айдын башында жумушунан убактылуу четтетилген Жалал-Абад санаторийинин жетекчиси Максат Абышкаев кайра ордуна дайындалганы менен кызматкерлер аны иш бөлмөсүнө киргизбей жатышат. Бул тууралуу аталган эс алуу жайынан “Азаттык” радиосуна билдиришти.

22-июнда Кыргызстан Кесиптик кошуундар федерациясынын алдындагы Кыргыз курорт туризм башкармалыгы Абышкаевди кайра ордуна директор кылып дайындаган. Бирок айрым кызматкерлер аны киргизбей, дайындоо мыйзамсыз экенин айтууда.

Май айында Максат Абышкаев жанан анын үч орун басары санаторийдеги каржы мыйзам бузуулары боюнча текшерүү учурунда кызматынан алынган. Анын ордуна убактылуу Эркебай Маткеримов дайындалган. Аны да бир жума бою жумуш ордуна кое беришпей, акырында милициянын жардамы менен эшикти бузуп ордуна отургузушкан болчу.

500гө чукул адам иштеген Жалал-Абад санаторийи кесиптик кошуундар уюмуна карайт. (RsK)

XS
SM
MD
LG