Линктер

жума, 15-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 23:51

АКШ Мохаммед Юсуф Шахты “глобалдык террорчуларга” кошту


АКШ Индиянын өкмөт башчысынын Вашингтонго сапарын утурлай пакистандык Мохаммед Юсуф Шахты “глобалдык террорчулар” тизмесине кошконун жарыялады.

Президент Доналд Трамп дүйшөмбү күнү Индиянын премьер-министри Нарендра Модини кабыл алып, террорчулукка каршы бирге күрөшүүгө макул болгону жана жалпы наркы 2,4 миллиард долларлык аскерий эмес учкучсуз аппараттар менен аскерий учактарды сатып алганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Кашмирдеги Гималаи аймагындагы индиялык көзөмөлгө каршы күрөшүп келаткан “Хизб ул-Мужахидин” козголоңчулар тобунун лидери Мохаммад Юсуф Шах ошондой эле Сайед Салахуддин деген ат менен да белгилүү. Анын АКШ түзгөн “глобалдык террорчулар" тизмесине киргизилиши Индиянын дипломатиялык жеңиши деп бааланууда. (RK)

XS
SM
MD
LG