Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Алмалуу-Булак айылындагы 40ка чукул үй-бүлө бүгүн акимчилик алдына чогулуп, жаңы көчкөн аймакты электр энергия, суу менен камсыздоону, жол салууну талап кылышты.
Ошондой эле алар мурда жашаган кооптуу аймактардагы эгиндерин жыйнап алууга убактылуу жарык берүүнү өтүнүп жатышат.
Топтолгондор менен Сузак районунун акими Абдымуктар Маматов жолугушуп, алардын талаптарын укту. Элдин суранычы менен кооптуу аймакка электр жарыгын 10-июлга чейин улап берүүнү убада кылды.
Жаңы конуштарга электр линиясын тартуу иштери да июль айынан башталарын айтты. Жер көчкү көп жүргөн Алмалуу-Булак айылынын 300дөй жашоочусуна былтыр октябрда башка жактан жер тилкелер берилген.
Айылда былтыр жер көчүп, алты үйдү жана мектеп окуучусун басып калган. (RsK/NT)