“Өнүгүү-Прогресс” партиясы бүгүн Бишкекте республикалык курултайын өткөрүп жатат. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан өкүлдөр, партия мүчөлөрү катышууда.
"Азаттык" радиосунун кабарчысы билдиргендей, курултайга Досбол Нур уулу, Медеткан Шеримкулов, Абдыганы Эркебаев, Камчыбек Ташиев, Акматбек Келдибеков, Нурлан Шакиев сыяктуу саясатчылар, коомдук ишмерлер, ошондой эле Жогорку Кеңеш депуттары Жанар Акаев, Максат Сабиров конок катары катышууда.
Жыйында аталган партиядан президенттикке талапкер расмий көрсөтүлөт.
Быйыл февраль айында “Өнүгүү-Прогресс” Бишкекте жыйын куруп, анда президенттик шайлоого партия лидери Бакыт Төрөбаевдин талапкерлиги сунушталган.
Кыргызстанда президенттик шайлоо быйыл 15-октябрда өтөт. Талапкер болууну каалагандардан арыздар 1-августка чейин кабыл алынат. (NT/TSh)