Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:16

Төрөбаев: Кыргызстанга президенттик башкаруу ылайыктуу


Бакыт Төрөбаев.
Бакыт Төрөбаев.

“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын Бишкекте өтүп жаткан республикалык курултайында анын лидери Бакыт Төрөбаев Кыргызстанга президенттик башкаруу ыкмасы ылайыктуу деген пикирин билдирди. Ал Кыргызстанда парламенттик система иштей алган жок деп айтты:

- Биздин мамлекет парламенттик демократия түзүүгө көп күч-аракет жумшады. Бирок Кыргызстандын коалициялык өкмөт боюнча эксперименти ишке ашпай калганын моюнга алуу керек, - деген Төрөбаев президенттик бийликтин күчтүү болушун колдой турганын кошумчалады.

“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын курултайына өлкөнүн бардык аймактарынан өкүлдөр, партия мүчөлөрү келген. Ошондой эле Досбол Нур уулу, Медеткан Шеримкулов, Абдыганы Эркебаев, Камчыбек Ташиев, Акматбек Келдибеков, Нурлан Шакиев сыяктуу саясатчылар, коомдук ишмерлер, Жогорку Кеңеш депуттары Жанар Акаев, Максат Сабиров конок катары катышууда.

Жыйында аталган партиядан президенттикке талапкер расмий көрсөтүлөт.

Быйыл февраль айында “Өнүгүү-Прогресс” Бишкекте жыйын куруп, анда президенттик шайлоого партия лидери, парламент депутаты Бакыт Төрөбаевдин талапкерлиги сунушталган. (NT/TSh)

XS
SM
MD
LG