АКШ Сирия өкмөтү дагы бир химиялык чабуулга "потенциалдуу даярдык" көрүп жатканын билдирип, эгер ал улана берсе куну кымбатка түшөрүн 26-июнда эскертти.
"Кошмо Штаттар Сирияда "Ислам мамлекети" тобун жок кылуу үчүн жүрөт. Эгер химиялык курал колдонуу менен дагы бир жолу массалык адам өлтүрүү болсо, ал жана анын аскерлери бул үчүн кымбат төлөп калат", деди Ак үйдүн маалымат катчысы Шон Спайсер Башар Асадды эске алуу менен.
Ак үйдүн билдиришинче Сирия президенти Асаддын өкмөтү даярдап жатышы ыктымал делген чабуул апрель айындагыга окшош.
4-апрелде Сириянын Хан-Шейхун шаарына ташталган химиялык делген бомбадан кеминде 70 адам өлгөн. Өз элине тыюу салынган курал колдонду деп АКШ Асаддын аба базасын ракеталык чабуулга алган. Сирия өкмөтү айыптоолорду четке кагып келет.
Орусия бул ишти АКШнын чагымы деп атап, ошондон кийин эки өлкө мамилеси дагы начарлаган.