27-июнда эртең менен Украина баш калаасынын Соломенск районунда автоунаа жарылып, кеминде бир адам жабыркады. Бул тууралуу Киев полициясынын маалымат катчысы Оксана Блищик Фейсбук баракчасынан кабарлады.
«Окуя болгон жерге бардык кызматтар чыгып кетишти. Кенен маалымат кийинчерээк», - деп жазды ал.
Украинадагы өзгөчө кырдаалдар тууралуу жазып турган Фейсбуктагы “Киев оперативный” баракчасы кырсык Соломенская жана Механизаторов көчөлөрүнүн кесилишинде болгонун, оро-парадагы жолдор жабылганын маалымдоодо.
Жарылуу себептери жана жабыркаган адамдын тек-жайы али белгисиз.