Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:39

"Өнүгүү-Прогресс" Бакыт Төрөбаевди президенттикке көрсөттү


Бакыт Төрөбаев.
Бакыт Төрөбаев.

"Өнүгүү-Прогресс" партиясынын жана парламенттеги фракциянын лидери, депутат Бакыт Төрөбаев президенттикке талапкер катары расмий көрсөтүлдү. Тиешелүү чечим аталган партиянын бүгүн Бишкекте өткөн курултайында кабыл алынып, делегаттар өз лидерин бир добуштан колдоп беришти.

Кыргызстанда президенттик шайлоо быйыл 15-октябрда өтөт. Талапкер болууну каалагандардан арыздар 1-августка чейин кабыл алынат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, бүгүнкү күнгө карата саясий партиялардан бир жана өзүн-өзү көрсөткөн төрт адамдан арыз түштү. Буга чейин “Ак шумкар” партиясы мурдагы премьер-министр Темир Сариевди көрсөткөн, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, “Лига-антикризис” борборунун төрагасы Назарбек Нышанов жана “Аурдин” ишканасынан директору Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай), жарандык активист Рита Карасартова өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен арыз берген. (NT)

XS
SM
MD
LG