Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:13

Шыкмаматовдун соту 4-июлда болот


Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты, "Ата Мекен" фракциясынын убактылуу лидери Алмамбет Шыкмаматов баштаган үч адамга козголгон ишти карады.

Жараянда сот мамлекеттик айыптоочулардын корутундусун укту. Алар бул ишке байланыштуу тендер жана автоунаалардын ким тарабынан, качан алынганын айтып беришти. Айыпталып жаткан тарап прокурорлордун маалыматын четке кагышты. Кийинки териштирүү 4-июлга белгиленип, күбөлөр көрсөтмө бере турган болду. Соттон кийин депутат Алмамбет Шыкмаматов өзүнө коюлган айыптарды четке каккан далилдер бардыгын журналисттерге билдирди:

- Келинчегимдин машинеси 10 миң доллар турган, аны Шыкмаматов 13 миң долларга сатып жиберген деп прокурор айтпадыбы. Биз ошол тергөөнүн 10 миң доллар деген корутундусу мыйзамсыз экенин, аны берген эксперттин Юстиция министрлигинен каттоодон өтпөгөнүн айтып, эксперт катары таанылбайт деген далилдерди келтирдик. Ал машине ошол кезде 14 миң доллар турганы анык деген материалдарды бердик. Сот аны ишке тиркеди.

Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен алынган материалдардын негизинде Алмамбет Шыкмаматов, Эсеп палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиев жана немис жараны Али Юкселге ушул жылы 17-февралда кылмыш ишин козгогон.

Анда Шыкмаматов 2011-жылы Эсеп палатасынын аудитору болуп турганда мекемедеги бир катар жооптуу аткаминерлер менен тымызын сүйлөшүп алып, кызматтык унаа сатып алуу үчүн жасалма тендер өткөргөнгө катышкан, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып тагылган. Тендер менен сатылып алынды деген "Мерседес-Бенц-Е" беш унаанын арасында Шыкмаматовдун жубайына катталган, баасы жогорулатылган унаа болгону жарыяланган.

"Ата Мекен" партиясы жана Шыкмаматовдун өзү бул иштерди саясий куугунтук катары баалап келишет. (NT)

XS
SM
MD
LG