Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:01

АКШ-Индия Пакистанды террорчуларды байырлатпоого чакырды


Моди менен Трамп. 26-июнь, 2017-жыл.
Моди менен Трамп. 26-июнь, 2017-жыл.

АКШ президенти Дональд Трамп менен Индия премьер-министри Нарендра Моди Пакистанды “анын аймагы башка өлкөлөргө террордук чабуулду даярдоочу жайга айланып калбашы” үчүн кам көрүүгө чакырды.

Вашингтондо эки лидер биринчи ирет жолугушуп, бетме-бет сүйлөшкөндөн кийин Пакистанды байырлаган согушкер топторго каршы күрөштү күчөтүүнү макулдашты.

- Коопсуздук жаатында Кошмо Штаттары менен Индиянын өнөктөштүгү болуп көрбөгөндөй маанилүү. Биздин эки өлкө тең терроризмден жабыркоодо. Биз экөөбүз тең террордук уюмдарды жана аларды алга сүрөгөн радикал идеологияны жок кылууда чечкиндүүбүз, - деди Трамп жолугушуудан кийинки сөзүндө.

Нью-Дели Пакистанды байырлаган куралдуу топторду Индиянын аймагында бир катар чабуулдарды уюштурган деп айыптайт. Ак үйдүн билдирүүсүндө Индиянын лидери Кашмирдеги радикал исламчыл топтун лидери Сайед Салахуддинди “глобалдык террористтердин тизмесине” киргизгенине “ыраазычылык билдиргени” да айтылат.

Премьер Моди Ак үйгө келээрден бир нече саат мурун Мамдепартамент Салахуддинге каршы санкцияларды киргизген.

Ага ылайык америкалыктарга Салахуддин менен иш жүргүзүүгө тыюу салынып, анын АКШдагы банк эсептери менен мүлкү камакка алынат.

XS
SM
MD
LG