28-июнда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге жетиши ыктымал.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14...19, күндүз 24...29;
Таласта түнкүсүн 12...17, күндүз 22...27;
Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15...20, күндүз 24...29;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 9...14, күндүз 16...21;
Нарын облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 16...21 градуска чейин жогорулайт.
Бишкекте 28-июнда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 19...21, күндүз 27...29 ысык болот.