Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:31

Жалал-Абад санаториясында мушташкан жетекчилерди милиция кармап кетти


Санаторияда өткөн жумадан бери өз кызмат бөлмөсүнө кире албай жаткан директор Максат Абышкаевдин орун басары Жуманалы Апиев менен жумуштан бошотулган директордун орун басары Эгемберди Айтиев кабылдамада эшик талашып чырдашып, мушташып кетишти. Аларга арачы болгон милиция кызматкерлери экөөнү тең коомдук жайда тартип бузду деген негизде кармап кетти. Облустук милициядан билдиргендей, алардын аракеттери териштирилип жатат.

22-июнда кайра ордуна дайындалган Максат Абышкаевди санаториянын айрым кызматкерлери өткөн жумадан бери өз ордуна киргизбей жатышат. Ал ушул жылдын май айынын башында курорттогу каржылык алешемдиктерден улам жумуштан четтетилип, ордуна убактылуу милдетин аткаруучу дайындалган. Ошол учурда да курорт кызматкерлери убактылуу жетекчисин бир жума бою иш бөлмөсүнө киргизбей милициянын жардамы менен эшиктер бузулган болчу. (RsK)

XS
SM
MD
LG