Бүгүн парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын камактагы лидери, депутат Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун сотунда мамлекеттик айыптоо тараптын башкы күбөлөрүнүн бири, орусиялык ишкер деген Алексей Модин көрсөтмө берди. Ал сотко УКМК кызматкерлеринин кайтаруусунда келгенин Текебаевдин адвокаттары билдиришти.
Модин сотто Текебаев менен Чотоновго Талант Маматкеримов аттуу ортомчу аркылуу "Альфа Телеком" компаниясынан үлүш алууга кызыкдар болгон Леонид Маевский менен жолугууну сунуштаганын айтты. Маевский Текебаев бул үчүн 1 миллион доллар сураганын билдирген деп маалымдады. Ошол эле маалда Маевский менен Текебаевдин сүйлөшүүсүнө катышпаганын, алардын сөздөрүн укпаганын белгиледи.
- Мага белгилүү болгондой, Маевский 2010-жылдын августунда ортомчу аркылуу алдын ала 300 миң доллар берген. Акчаны Маевскийдин өтүнүчү менен мен Маматкеримовго алып барып бергем, тил кат жаздырып алгам. Маматкеримов акчаны Текебаевге берген-бербегенин билбейм. Сентябрда болгон төртүнчү жолугушууда Текебаев акча тууралуу сураган жок. Кийин анын сөздөрүнөн улам Маевский ага бардык сумманы бергенин байкадым, бирок эч кандай келишим болгон эмес. 2010-жылы Текебаевдин иш бөлмөсүндө Маевский акчаны кайтарууну же "Мегаком" боюнча айткан ишти аягына чыгарууну талап кылган. Ага ошол кездеги депутат Өмүрбек Абдрахманов да күбө болгон. Аны мен ошондо биринчи жолу көрдүм, - деген Алексей Модин бул ишке ортомчу болгону айтылып жаткан маркум Талант Маматкеримов Дүйшөнкул Чотонов менен тууган болгонун билдирди.
Модиндин мындай көрсөтмөсүн Өмүрбек Текебаев четке кагып, ал сөзүнөн чаташып жатканын, буга чейинки билдирүүлөрү менен азыркысы дал келбей жатканын айтты.
Ишти Бишкектин Биринчи Май райондук соту карап жатат. Жараянда адвокаттар Текебаев менен Чотоновдун үстүнөн арыз жазды деген орусиялык жарандар Леонид Маевский жана Алекcей Модинди алып келип, жоопко тартуу боюнча эки өтүнүч келтирип, сот анын бирин канааттандырды.
Өмүрбек Текебаев 27-февралда Түркиядан келген учурда “Манас” аэропортунан кармалып, УКМКга эки айга камалган. Башкы прокуратура ага орусиялык жарандар Алексей Модин аркылуу Леонид Маевскийден 2010-жылы бир миллион доллар алып, “Мегаком” сатылгандан кийин кошумчасы менен кайтарып берерин айткан деген негизде “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, атайын кызматка өткөрүп берген. Текебаевге козголгон кылмыш иштин алкагында Дүйшөнкул Чотонов да камалган.
Депутат жана анын адвокаттары муну "атайын уюшулган иш" катары сыпаттап келишет. (NT)