Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:45

Орусия химиялык чабуул боюнча АКШнын эскертүүсүн четке какты


7-апрелде АКШ Асадды химиялык чабуулга айыптап, Шайратка сокку урган.
7-апрелде АКШ Асадды химиялык чабуулга айыптап, Шайратка сокку урган.

Орусия Сирия өкмөтү кайрадан химиялык чабуулга даярданууда деген АКШнын эскертүүсүн четке какты.

"Сирия Араб Республикасынын мыйзамдуу жетекчилигине карата мындай коркутуулар кабыл алынгыс деп эсептейбиз", деди орус президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков.

26-июнда АКШ президенттик администрациясы Башар Асаддын режими Сирияда 4-апрелдегидей химиялык чабуулга даярданып жатканын эскерткен.

Пентагон буга далилдерди көргөнүн, жигердүү аракеттер Сириянын Шайрат аэродромунда жүрүп жатканын билдирүүдө. 4-апрелде Хан-Шейхунда кеминде 70 адамдын өмүрүн алган химиялык бомба дал ушул Шайраттан учуп чыккан учактардан ташталганы белгиленген.

АКШ эгер Асад бул ирет да чабуул койсо анын куну кымбатка түшөрүн эскертүүдө.

XS
SM
MD
LG